7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда чыккан массалык мушташтан улам Кыргызстанга келген Казакстандын жарандары үйлөрүнө кайтууда.
Уха Самарова жаңжал чыккан 7-февралдын эртеси Кыргызстандын Токмок шаарындагы туугандарына келген. Аны менен бирге миңдеген казак жарандары чек арадан өтүшкөн. Басымдуу бөлүгү балалуу аялдар, жаш балдар жана улгайган адамдар. Бүгүн болсо башаламандык орун алган Масанчи жана коңшу айылда абал турукташканын угуп үйүнө кетип бара жатат.
Кыргызстанга кирген казак жарандары оокат-жайы, там-тарагы ачык бойдон калганын айтып, үй жайыбызга эртерээк жетсек дешет.