Жаңылыктар
Казакстандан келген жарандарга жардамдарды кабыл алуу пункттары иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандан келген жарандарга жардамдарды кабыл алуу пункттары иштейт

Казакстандан келген жарандарга жардамдарды кабыл алуу боюнча пункттар уюштурулат. Мындай чечим Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан кабыл алынды. Диаспора башчылары коңшу өлкөдө болгон окуя чагымчылардын аракетинин натыйжасы экенин белгилешти. 

Кыргызстанга келген балдар, аялдар, улгайган адамдар дары-дармек, кийим-кече жана башка каражаттарга муктаж. Тиешелүү мекемелердин кызматкерлери, дарыгерлер да тынымсыз көмөк көрсөтүп жатышат. Казакстандан келген жардамга муктаж адамдар көбүнчө Токмок шаарында жана ага жанаша жайгашкан айылдарга убактылуу жайгаштырылды.

“Жарандарды тынчтыкка, ынтымакка чакыруу чечимин кабыл алдык. Ошондой эле жардамдарды кабыл алуу пункттары иштейт. Алар Кыргызстан эл ассамблеясынын имаратында жана Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылындагы мечитте жайгашат",- деп билдирди Кыргызстандагы дунган этникалык коомчулугу ассоциациясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров.