Жаңылыктар
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Бишкектеги Вирусологиялык лаборатория. Кытайдагы коркунучтуу илдет пайда болгондон бери бул жерде да иш көбөйдү. Адамдын денесинде кооптуу оорунун бар-жогу дал ушул жерде текшерилет. Аталган лабораторияга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган реагенттер узап бара жаткан аптада Москвадан алып келинди. Жаңы тест-система атайын дал ушул илдет үчүн сыноодон өткөн. Муздаткычта сакталып турган медициналык каражат беш жүздөй адамдын анализин алууга жетет. 

Соңку күндөрү эки жүздөй киши текшерилип, аларда кооптуу вирустун белгилери аныкталган жок. Бул тест-система өтө зарыл учурда, вирусту жуктуруу коркунучу жогору болгон жарандарга гана колдонулат. Бирок кооптуу илдетти жуктургандардын өлкөгө өтүп кетпеши үчүн башка чаралар да көрүлүүдө. Мындай тепловизорлор, изолятордук бөлмөлөр өлкөнүн бардык чек ара бекеттеринде жана Бишкек, Ош аэропортторунда да иштеп жатат. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркештам” өткөрүү бекети коронавирустун коркунучунан улам белгисиз мөөнөткө чейин жабылган. Андагы абалды дарыгерлер менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери көзөмөлгө алган. Мобилдик үйлөр салынып, медициналык жабдуулар жайгаштырылган.

Буга чейин жабылган чек ара бекетинен 22 айдоочу кабыл алынган. Алардын колунда коронавирус жуктурган эмес деген Кытай тараптан алынган тастыктама турганына карабай текшерүү дыкат жүргүзүлдү. Жергиликтүү бийликтерге мобилдик үйлөрдө убактылуу кармалып турган адамдарды тамак-аш менен камсыз кылуу тапшырылган.

Чек ара станциясына таандык жерден жүк ташуучу унааларды, чиркегичтерди көрүүгө болот. Алардын баары бош турат.  Нарында да ушул эле көрүнүш. Чек арадан унааларды сейрек гана байкоого болот. Вируска каршы зарыл чаралар көрүлүүдө. Текшерүүдөн кийин айдоочулар атайын бөлмөгө жайгаштырылат. Кытайда 9-февралга чейин коронавирустан сегиз жүздөн ашык адам каза болгону кабарланды. Эки миң алты жүздөй адам сакайган. 

Абалды жеңил деп айтууга болбойт. Бирок социалдык түйүндөрдө таркап жаткан жалган маалыматтар кырдаалды ого бетер курчутууда. Буга чейин коронавирустун кыркка жакын түрү аныкталган. Анын Кытайда пайда болгон жаңы түрү адамга деңиз азыктарынан өткөн деп болжолдонуп жатат. Коронавируска каршы чараларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн штабдын жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экени белгиленди. Чек ара бекеттеринде мобилдик үйлөрдү жайгаштыруу, текшерүүлөрдү күчөтүү чечимдери дал ушул штабда кабыл алынып жатат.