Жаңылыктар
Cанариптештирүү аймактарда
Кыргызстан жаңылыктары
Cанариптештирүү аймактарда

Бирдиктүү терезе тутуму айыл өкмөттө жаңы жылдан тарта иштей баштады жана тургундар анын ыңгайлуулугун биринчи күндөрдөн тарта эле сезе башташканын айтышат. Лебединовка айылынын жашоочусу Саламат Райымбеков айыл өкмөттө жаңы эле жер салыгын төлөп чыкты. Бул жумуш баш аягы беш мүнөттөн ашкан жок.

Буга чейин кызматкерлер маалымкаттын онго жакын түрүн кагазга жазып отурушчу. Мындан сырткары паспорт, күбөлүк документтерин, балага сүйүнчү алуу үчүн райондук калкты тейлөө борборлоруна катташчу.

Айылдын 45 миңден ашык калкы бар. Күнүгө жүздөгөн жарандар ар кандай кызматтарды алуу үчүн айыл өкмөткө кайрылышат. Электрондук кызматтардан улам убакыт үнөмдөлүп, мыкты шартта кызмат көрсөтүлүп жатканы жергиликтүү жашоочуларды да кубандырбай койгон жок.

Ушул аптада айыл өкмөттүн жаңыланган имараты жана санариптештирүүнүн жүрүшү менен жумуш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Өлкө башчысы жергиликтүү бийликтин ишмердигин автоматташтыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы экенин баса белгиледи. Мына ушундай айрым жергиликтүү бийликтин санариптештирүү багытындагы аракеттерин канааттандыралык деп бааласа болот.

Айыл өкмөттөрдү санариптештирүү жакын арада өлкөнүн бардык аймактарына жетет. Айрыкча алыскы аймактарда санарип ыкманы алгачкылардан киргизүү аракети күч. Мамлекеттик каттоо кызматы 453 айыл өкмөттүн 223ү менен келишим түзүп, азыркы учурда анын 89унда санарип жабдуулар орнотулуп жатат. “Санарип аймак” программасынын алкагында бардык айыл өкмөттөр, ага кошумча 31 шаардын кызмат көрсөтүүлөрү санарип ыкмага өткөрүлмөкчү.

Өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Ата районунда жергиликтүү эл менен болгон жолугушуусунда негизги темалардын бири болду. Президенттин айтымында, электрондук кызматтар ар бир тармакка артыкчылыктуу багыт катары киргизилүүдө. Азыр мамлекеттик портал аркылуу 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жарандарга жеткиликтүү. “Түндүк» мекемелер аралык тутумуна 62 мамлекеттик мекеме жана 28 коммерциялык уюм кошулуп, кызматтар электрондук форматка өткөн. Бул өз кезегинде коррупцияга каршы күрөш, ички миграцияны токтотуу, экономиканы чыңдап, ишкерлерге шарт түзүү багытында бир катар артчыкчылыктарды берди.

Санариптештирүү менен кошо акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүү багытына басым жасалып жатканы белгилүү. Бул эки чоң тармакты бөлүп кароого мүмкүн эмес. Аймактарды өнүктүрүү жемкорлукка каршы күрөштөн тартып экспорт маселесине чейинки чакан жана ири жүздөгөн долбоорлорду өзүнө камтыйт.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүгө быйыл да басым жасалат. Буга катар 2020 балдарды коргоо жылы катары жарыяланганы белгилүү. Балдарды коргоо максатында да ири долбоорлор пландалган, өзгөчө оор турмушту башынан кечирип жаткан жетим балдарга колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулат. Өткөн жылы балдарды асырап алуу жол-жоболору жеңилдетилген.

Жергиликтүү тургундардын бир тобу президентке суроолору менен кайрылышты. Коррупциялык иштерге бөгөт коюу, таза суу жана сугат суу, жол, жерлерди трансформациялоо, бала бакча, спорт залдарынын тартыштыгы өңдүү ондогон көйгөйлөрдү чечип берүү өтүнүчтөрү бар. Жергиликтүү тургундардун суроолоруна тиешелүү министрлик менен мекемелердин жетекчилери да жооп беришти.

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, жаңы жумуш орундарын түзүп, ички миграцияны кыскартуу жана жемкорлукка каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары кала берет. Бул тапшырмаларды ыкчам жана ийгиликтүү ишке ашырууда санариптештирүү олуттуу натыйжа берери- буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы менен белгилүү болду.