Жаңылыктар
Чет элдик жарандан акча талап кылынган
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик жарандан акча талап кылынган

Бишкекте чет элдик жарандан акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.Министрликтин маалыматы боюнча, 3-февралда Ички тергөө кызматына Түштүк Кореянын жараны кайрылып, өздөрүн милициянын кызматкери деп тааныштырган адамдар андан 8 миң доллар талап кылганын билдирген. 

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 7-февралда 2 миң доллар алып жаткан жеринен 2 жаран кармалды. Кармалгандардын өздүгү такталды, экөө тең борбор калаанын тургундары экени аныкталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын баш коргоо чарасын аныктоо иштери жүрүп жатат.