Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу - бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүү мүмкүндүгү. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда айтты.
Ал облустун Алыш айылындагы жергиликтүү ишкер салган жеке бала бакча менен таанышты. Бүгүнкү күндө бала бакчада 12 тарбиячы иштеп, 50 бала тарбияланат. Келечекте бул бала бакчаны муниципалдык менчикке берүү пландалууда. Кайрымдуу жарандар мамлекеттен жардам күтпөстөн, өз күчү менен социалдык мекемелерди ачып жатканы кубандыраарлык иш экенин айткан өкмөт башчы жалпы өлкө боюнча 400 миң бала бакчага бара албайт тургандыгын баса белгиледи. Премьер-министр бала бакчага 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал билим берүү мекемесинин муктаждыктарына жумшалат.