Жаңылыктар
Кыргызстанда жол оңдоо жана куруу иштери кандай деңгээлде жүргүзүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жол оңдоо жана куруу иштери кандай деңгээлде жүргүзүлүүдө?

ЖОЛ КУРУУ ЖАНА ОҢДОО ИШТЕРИ



ПОД: Өлкө көз карандысыздыкты алгандан кийинки 5 жыл аралыгында болгону 661 чакырым жол салынган. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык жол курулду. Бул тармакта санариптештирүү багытында да алгылыктуу көрсөткүчтөр бар.


Министрлик берген маалыматка көз чаптырсак, былтыркы жылдын ичинде оңдолгон жолдор акыркы 19 жылга караганда көп экендигинен кабар берет. Ошондо республика боюнча бардыгы болуп, 758 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Буга кошумча өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы ирет жолдорду паспорттоштуруу жүрдү. Эми атайын базага киргизилген маалыматтар аркылуу жолдордун абалын билүүгө болот. Мунун бардыгы санариптеширүүнүн үзүрү.

Кыргызстанда жол оңдоого байланыштуу сын-пикирлер айтылып келген. Учурда министрликтин коррупцияны алдын алуу боюнча өкүлчүлүгү түзүлүп, өзгөчө күч, салмакты көзөмөлдөө пунктарындагы жемкорлукту ооздуктоо багытында иштер жүрүүдө .


Кыргызстанда көп тармактуу темир жолдор, деңизге чыга турган багыттар же суу үстү менен жүк ташууга мүмкүнчүлүк жок. Авиакаттам аркылуу да ташуу же жеткирүү өнүккөн эмес, анткени учак менен товар ташуу өтө эле кымбатка турат. 


Андыктан өлкөдө жүк жеткирүүнүн эң эле ыңгайлуу жана баасы жагынан туура келгени - бул унаа жолдору. Кыргызстан акыркы 5-6 жыл ичинде транспорттук түйүндөрдү жандандырып, өлкө аймагы боюнча унаа жолдорунун катары менен салынып жатышы да ошондон.