Жаңылыктар
Кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду. 

1-январдан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, ширетүүчү, электрик жана башка кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акылары эки эсе жогорулайт. 

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220 млн. сом бөлүнөт. Маалыматка ылайык, өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.