Жаңылыктар
Профсоюздар федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов кызматынан алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Профсоюздар федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов  кызматынан алынды

Бүгүн Кыргызстандын кесиптик кошуундар бирлигинин кеңешинин жыйыны өттү. Анда федерациянын азыркы төрагасы Мирбек Асанакунов учурда ооруканада жатканына карабастан кызматынан алынды. Буга чейин орун басарлык кызматты аркалап келген Рускүл Бабаева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бирок Кыргызстандын профсоюздар федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов бул чечим менен макул эмес. Тараптардын пикирлерин кабарчыбыз угуп келди.



Профсоюздар федерациясынын кеңеши - кесиптик кошуундар бирликтеринин эң жогорку органы. Бул кеңештин кезектеги жыйынында эки маселе каралды. Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын 24-съездинин чакырылышы жана федерациянын азыркы төрагасы Мирбек Асанакуновду кызматтан алуу маселелери. Отурумдун жүрүшүндө кеңеш Мирбек Асанакуновду кызматынан четтетүү чечимин кабыл алды.


Бирок учурда Бишкектеги оорукананын биринде дарыланып жаткан Мирбек Асанакунов Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мындай чечими менен макул эмес. Анын айтымында бул чечим мыйзамсыз кабыл алынды.

Мындан улам кесиптик кошуун бирлигинин мүчөлөрү экиге бөлүнүп калганын айтышат. Алардын бир бөлүгү төрага кызматынан алынсын десе, экинчи тарабы буга каршы. Ошол себептен Профсоюздар федерациясынын айрым мүчөлөрү кворум болбогонуна карабай, Профсоюздар федерациясынын кеңеши Мирбек Асанакуновду кызматынан алуу чечимин мыйзамсыз кабыл алды деп эсептейт. Себеби жыйынга 14 мүчө гана катышкан. Мыйзам боюнча чечим Кесиптик кошуундар бирлдигинин кеңешинин үчтөн экиси же 19 мүчөсүнүн катышуусу менен кабыл алынат, - дейт айрым мүчөлөрү.

Белгилей кетсек профсоюздар федерациясынын айрым мүчөлөрү эки жылдан ашык убакыттан бери федерация төрагасынын кызматка шайланышы мыйзамдуу болгон эмес деген жүйө менен Мирбек Асанакуновду кызматтан алуу талабы менен нааразычылык акцияларга чейин чыгышкан. Маселе сотко чейин да жеткен. Соттун эки инстанциясы ага каршы чечим чыгарган. Кийинчерээк Жогорку соттун коллегиясы эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, Мирбек Асанакуновдун тарабына чечип берген.