Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик мекемелери, чек арада оор жүк ташуучу авто унааларга жаралып жаткан тоскоолдуктарды талкуулайт. Мындай чечим 31- январда Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Биримдиктин ичинде товардын эркин айлануусуна тоскоолдуктар жаралып жатканына тынчсыздануусун билдирип, кайсы беренелер бузулуп жатканын так атаган болчу.
Эске салсак, январь айында Ак-Тилек өткөрмө бекетинде жүк ташыган авто унаалардын узун кезеги түзүлүп, бир нече күнгө чейин ишкерлерге кыйынчылык жаралып турган.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"