Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери товарсыз кошумча нарк салыгынын өтө жооптуу отчеттук бланкаларын, же эсеп-фактураларын ири өлчөмдө саткан кылмыштуу топту аныктаган.
Контролдук сатып алуунун жүрүшүндө 10 млн сом өлчөмүндөгү күйүүчү май жана курулуш материалдарынын эсеп-фактуралары үчүн 300 миң сом алып жаткан жеринен алардын бири кармалган.
Аталган кылмыштуу топ ишкерлерге ар кандай ЖЧКлардын товарсыз эсеп-фактураларын сатуудан 3-5 пайыз пайда көрүшкөн. Муну менен ишкерлер салык төлөөдөн качып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Ал эми шектүү №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.