Коронавирус менен жабыркаган Харбин шаарынын жашоочусу дени сак баланы жарык дүйнөгө алып келди.
Иран бийлиги учак кырсыгында жакындарын жоготкон украиналык 11 үй-бүлөнүн ар бирине 80 миң доллардан компенсация төлөп берүү сунушун айтты.
Шенген визасын алууда жаңы эрежелер күчүнө кирди.
Кытайдын Харбин шаарынын жашоочусу кош бойлуу кезинде коронавируска кабылган, ошого карабастан дени сак кызды жарык дүйнөгө алып келген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.Маалыматта жазылгандай, ал кош бойлуу болгонунун 38-аптасында кооптуу делинген коронавируска кабылган. Анын абалы канчалык оор болгонуна карабастан дарыгерлер ага кесарево жасоону пландашкан. Операциянын жыйынтыгында эне салмагы 3 килограмм 300 грам болгон дени сак ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген. Дарыгерлердин айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы жакшы. Ал эми эне менен баланы атайын палатага которушкан жана дарыгерлердин көзөмөлүндө деп жазылган маалыматта.
Иран бийлиги учак кырсыгында жакындарын жоготкон украиналык 11 үй-бүлөнүн ар бирине 80 миң доллардан компенсация төлөп берүү сунушун айтты. Бирок мындай суммага Украинанын президенти Владимир Зеленский макул болгон жок. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатканда айтты.
"Иран каза болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 80 миң доллар төлөп берүүнү сунуштады. Бирок биз макул болгон жокпуз. Менимче, бул каражат аздык кылат. Маркумдун жубайы жумушу жок экенин, күйөөсү үй-бүлөнү баккан жалгыз адам болгонун айтат. Баласы чоңойгондо жогорку окуу жайда билим алышы керек да", - деди ал.
Украинанын президенти бул иш боюнча Эл аралык сотко кайрыларын кошумчалаган. "Кандай болгон күндө деле Эл аралык сот болот, компенсация төлөнөт. Украина мамлекети тарабынан жоготууга учураган үй-бүлөнүн ар бирине 200 миң гривна б.а. 560 миң 35 сом берилген. Мындан тышкары, авиакомпания дагы компенсация төлөйт", - деген президент.
Шенген визасын берүүдөгү жаңыртылган эрежелер 2-февралдан тарта күчүнө киргенин Еврокомиссиянын маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды. Бул өзгөртүүлөр Европа биримдигинин Шенген аймагына кирген 22 мамлекетке, ошондой эле биримдик менен ассоциацияланган мүчөлөр Лихтенштейн, Исландия, Норвегия жана Швейцарияга тиешелүү.
"Бул өлкөлөрдүн биринен берилген кыска мөөнөттүү бирдиктүү виза Шенген келишими боюнча 26 өлкөгө 180 күндүн аралыгындагы 90 күнгө берилет", — деп айтылат маалыматта.
Эми виза алуу үчүн алты ай мурун арыз жазуу керек. Эски эрежеде үч ай болчу. Мындан тышкары, документти электрондук түрдө толтурууга болот.Визалык жыйым 60 евродон 80 еврого өстү. Мындай өзгөрүүнү бирикменин өкүлдөрү инфляциянын жалпы деңгээли менен тууралаганы менен түшүндүргөн.
Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”