Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча мекеменин 58 кызматкерине карата кызматтык жазаларды берди. Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Келген ар бир кайрылуу дыкат иликтенип, жоопкерчилик каралды.
Салык кызматкерлерине карата келген арыз даттануулардын басымдуу бөлүгүндө алардын кызматтык этиканын нормаларын сактабагындыгы, жарандарга карата орой мамилеси айтылган. Аны менен бирге салык мыйзамдарын бузулуулары тууралуу кайрылуулар да келген.
Салык кызматкерлерин кызматтык абалынан пайдаланып, коррупцияга түрткөн жагдайлар да бар. Мындан улам 58 кызматкерге тийиштүү чаралар колдонулду. Айрымдары кызматынан да бошотулду.
Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында салык чогултуу тутумуна да электрондук кызмат көрсөтүүлөр киргизилүүдө. Санарип саясат ишке ашса мындай көрүнүштөр токтойт. Кызматкер менен жаран ортосундагы байланыш азайып, электрондук тейлөө кызматтары ишке кирмекчи. Ал эми салык кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу учурлары катталса ар бир салык төлөөчү ишеним телефондору, почта, жана электрондук почта, интернет портал аркылуу даттанууларын калтыра алышат.