2019-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 27 миң адам жумушка орноштурулган. Алардын ичинен 5200ү мамлекеттик мекемелерде, 21400 жаран жеке компанияларда эмгектенип жатышкандыгы Жогорку Кеңештин кеңейтилген отурумунда белгилүү болду.
Жыйында жалпы 76100 киши жумушсуздук макамын алгандыгы, жумушсуздук үчүн бериле турган жөлөк пулга мамлекеттен 5 миллион сом каралгандыгы маалымдалды. Айрым депутаттар жумушсуздарга бериле турган жөлөк пулду жоюуну сунушташты.
Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"