Жаңылыктар
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал күнү-түнү текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал күнү-түнү текшерилет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдагандай, республикада бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. 

Эпидемиологиялык абал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар. Кеңешмеде белгиленгендей, республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн атайын жабдыктар иштеп жатат. Адистер Кыргызстанга Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген жактардын баарын текшерүүдө. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында вирусту жуктуруу аныкталган шартка атайын палаталар даярдалган. 

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону тапшырды. Ал ошондой эле такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербөө үчүн жарандарды учурдагы жагдай тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап туруунун маанилүүлүгүн айтты.

"Министрликтер, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары планга ылайык короновирустун өлкө аймагына тарашына жол бербөө жана бул илдет катталган учурдагы механизмди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуусу керек. Ошондой эле медициналык мекемелердин бейтаптарды кабыл алуусунун даярдыгын, лабораториялык изилдөөлөр үчүн зарыл болгон медициналык материалдардын запасын түзүү, вируска каршы дары-дармектерди, дезинфекциялык жана жеке коргонуу каражаттарын камдоо, аныктоо жана дарылоо маселеси боюнча медицина кызматкерлерин даярдоону камсыз кылуу шарт",- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.