Жаңылыктар
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду

Коопсуздук кеңештин отурумунун жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын 30 ашык кызматкерине кызматтан бошотуу, сөгүш жана катуу сөгүш өңдүү тартип жазалары көрүлөт. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол койду. 

Документте сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү жана өлкөнү санариптештирүү жетишсиз деңгээлде ишке ашкан, ал эми тоо-кен казуу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечими канааттандыраарлык эмес деп табылды. Чечимдеги маанилүү жагдай - катчылыкка 2024-жылга чейин коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу сунушу берилди.