23-марттан 1-апрелге чейин калкты жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү жүрөт. Өлкө жарандарынын санын тактоо ишине 24 миңдей адам катышат. Өнөктүк алгачкы жолу электрондук форматта жүргүзүлөөрү болжонду. Бул иш-чаранын жүрүшүндө элдин социалдык абалы да атайын сурамжылоо аркылуу аныкталат. Буга чейин жалпы улуттук калкты каттоо 2009-жылы жүргүзүлгөн.
Улуттук статистикалык комитет калкты каттоого даярдык көрүүдө. Бул жолку өнөктүк электрондук форматта жүргүзүлөт. АйТи адистер тарабынан ага керек боло турган атайын тиркеме иштелип чыккан. Маалыматтар мурдагыдай кагазга эмес, смартфон аркылуу толтурулат. Каттоонун жыйынтыктарына иш жүрүп жаткан учурда көз салууга мүмкүнчүлүк бар.
Күтүлүп жаткан өнөктүк 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Калктын так санын билүү гана эмес, турак жай фонду да эсептелет. Тагыраак айтканда өлкө жарандарынын ар бир бирине канча чарчы метр турак жай туура келээри эсептелиши шарт. Ошондой эле калктын социалдык абалын аныктоо үчүн атайын сурамжылоо да жүргүзүлөт. Иш-чарага 24 миңдей адис катышаары күтүлүүдө.
Буга чейин Кыргызстанда калкты каттоо 2009-жылы өткөрүлгөн. Анда өлкө жарандарынын саны 5 миллион 370 миңден ашык экени аныкталган. Учурда 6 миллион 400 миң адам бар экени болжолдонуп жатат. Бирок так сан кезектеги каттоодон кийин белгилүү болот.