Залкар манасчы Сапарбек Касмамбетовдун «Манас» эпосун эл аралык деңгээлге көтөрүүдө кошкон салымы чоң. Ал Шотландияда «Манас» эпосун 20 саат бою тынымсыз айтып өзгөчө баага арзыган. Аталган өлкөдө Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Манас» үч томдук китеп болуп басылып чыкты. Эпостун окуялары англис тилине которулуп, Улуу Британияда дагы жарык көрдү.
Сапарбек Касмамбетов "Манас" эпосун өз вариантында айтып, аны кагазга өзү түшүрүп берген айтма да, жазма да манасчы. Улуу өнөрдү алып жүргөн манасчылардын калдайган Бакай атасы болчу. Жаштайынан улуу манасчылардан бата алып, өнөр жолунда өтөлгөлүү өмүр өтөдү. Дүйнөдө кыргызга гана таандык эки өнөр болсо анын бири манасчылык, экинчиси төкмөлүк. Сапарбек Касманбетов бул эки өнөрдү бирдей аркалап, калдыйган калкына манасчы жана төкмө акын катары таанылды. Манасчылардын эле эмес төкмөлөрдүн да аксакалы катары кадыр күттү.
Залкар манасчы улуу баян "Манас" эпосун гана айтпастан, кенже эпостор “Эр Кошой”, “Билерик” “Асыл эне”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” сындуу элдик ооз эки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүн да айта билген. Сөз багып, сөз кадырлап, жомоктотуп сүйлөгөн мыкты аңгемечи болгон. Анын “Эр Кошой” эпосу англис тилине котрулуп, чет элде жарык көргөн.
Залкар манасчы улуу дастанды балдарга жомок айтып берип жаткандай жумшак, так, түшүнүктүү тил менен баяндап бергени менен өзгөчөлөнгөнүн манасчылар айтышат. Анын айтуусунда эпостун миңдеген саптары Улуттук илимдер академиянын өзүндө жана радио, телеканалдардын алтын фондунда сакталып калды. Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарында 21-январда саат 11де Т. Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык дарама театрда өтөт.

Залкар манасчы улуу дастанды балдарга жомок айтып берип жаткандай жумшак, так, түшүнүктүү тил менен баяндап бергени менен өзгөчөлөнгөнүн манасчылар айтышат. Анын айтуусунда эпостун миңдеген саптары Улуттук илимдер академиянын өзүндө жана радио, телеканалдардын алтын фондунда сакталып калды.