Энергетиктер калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоодо талыкпай эмгектенип келишет. Айрыкча күз-кыш айларында энергетиктердин иши көбөйүп, калк керектөөсүн камсыздоодо чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Дал ушул багытта талыкпаган эмгеги менен үлгү болчу адистер арбын.