Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан жетисине чейин эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында болду. Беш күндүк иш жуманын тартиби боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 23-февраль, 8-март, 21-март жана 9-май майрам күндөрү дем алышка туш келгендиктен, 24-февралдагы дем алыш 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш 4-майдагы иш күнүнө которулары айтылат.
Эскерте кетсек, Эмгек кодекси боюнча эгер майрам дем алышка туш келсе, андан кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болот.