Жаңылыктар
Австрия Кыргызстанга виза берүүнү чечти
Кыргызстан жаңылыктары
Австрия Кыргызстанга виза берүүнү чечти

1-январдан баштап Австрия Кыргызстанга виза бере баштайт. Бул иштер жаңыдан ишке киргизиле турган виза борборунда ишке ашырылат. Европа өлкөлөрүнө бара турган кыргызстандыктар Австрияга ачылган виза менен кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болору Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги өткөргөн маалымат жыйында айтылды. 

Мындан сырткары, Канада, Италия Францияга Кыргызстандын дипломатиялык корпусу ачылышы күтүлүүдө. Министрликтин кызматкерлери бул жыл өлкөнүн тышкы саясатында алгылыктуу жыл болгон деп эсептешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"