Жаңылыктар
ТИМ: эмгек мигранттардын укугу корголот
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: эмгек мигранттардын укугу корголот

Чет мамлекеттерде жашап, иштеген мигранттардын укугун коргоого чоң басым жасалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаменти жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында билдирди. Азыркы кезде чет өлкөлөрдө 850 миңден ашуун кыргызстандык жаран иштейт. Анын көпчүлүгү Россияда эмгектенишет. Буга байланыштуу аталган өлкөдө кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши күчөтүлүп, кошумча институттар киргизилет.

2019-жылы өлкөнү санариптештирүү процесси тышкы иштер тармагына да жигердүү киргизилди. Консулдук кызмат департаментинде иш кагаздар менен иштөө электрондук форматка өттү. Муну менен чет мамлекеттерде иштеп, жашаган кыргызстандык жарандар үчүн "Паспорт", "Никелешүү" жана "Жарандык алуу" кызматтарынын сапаты кыйла жеңилдеди. Расмий маалыматка караганда 850 миң кыргызстандык жаран чет мамлекетте иштеп, жашайт. Анын көпчүлүгү Россияда. 

Чет өлкөлөрдөгү атамекендик жарандардын укугун коргоо - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн негизги милдети экенин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын август айында өткөн мекендештер форумунда билдирген. Буга байланыштуу Россиянын аймагында мекендештерге укуктук колдоо көрсөткөн жайлардын саны көбөйтүлөт. Ошондой эле Россиянын миграция кызматынын "кара тизмесине" кирген кыргызстандыктарды чыгаруу аракети көрүлүүдө. 2017-жылы "кара тизмеге" 100 миң мекендешибиз кирген болсо, быйыл алардын саны кыскарып, 60 миңди чамалады.