16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан курман болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берилди.Буга өкмөттөн 2 млн сом бөлүнгөн. Маркум жубайы, 3 баласы менен батирде жашап келген. Президент мекен чегин коргоодо өмүрүн берип, баатырдык кылган Равшан Муминовго “Эрдик” медалын ыйгарып, жубайы Мухайё Муминовага тапшырылган болучу.
Аскердик баш кийимди кийип алып өздөрүн жоокер сезген бул жеткинчектер Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн жанын аябаган чек арачы маркум Равшан Муминовдун балдары. Атасы чек арадагы чырдан улам денесине ок жаңылып, курман болбогондо балким азыр мойнуна асылып ойношмок. Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун аскери, прапорщик Равшан Муминов 41 жаш курагында 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда окко учкан. Артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды. Аларга мамлекет тарабынан үй берилди.
23-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылган маркум Равшан Муминовго “Эрдик” медалын ыйгарган. Анын эрдиги келечек муунга үлгү болсун деген таризде ысмы өзү туулуп өскөн айылдагы көчөгө ыйгарылаары да күтүлүүдө. Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак катталган. Пикир келишпестиктер такталбаган аймактарда орун алып, кандайдыр бир күчтөрдүн чагымчыл аракеттерин ишке ашырууга ыңгайлуу болуп келет. Анын айынан кылымдардан бери кошуна жашап келген жарандардын тынчтыгына кооптуулук жаралууда дешет ардагерлер.
Премьер-министрдин резервдик фондунан окко учкан аскердин үй-бүлөсүн үй менен камсыздоо үчүн эки миллион сом бөлүнгөн. Ага Исфана шаарынан 4 бөлмөлүү үй, жер тилкеси менен алынып, маркумдун жубайына тапшырылды.