Борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн №6 балдар искусство мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Болотбек Тилебалдиев жаңы жылга карата майрамдык маанай тартуулады. Ал шаардыктардын көңүлүн көтөрүү үчүн 20 жылдан бери борбордук аянтка чыгып, Аяз ата болуп келет. Аянтка келгендерге ак үйдүн алдында майрамдык оюн-зооктор көрсөтүлүп, белектер берилди. Барынан да балдардын кубанычында чек жок. Уюштуруучулар мындай иш-чараны ар жыл сайын өткөрүп келишет.
"Жаңы жылда барына ийгилик каалайм. Шаардыктар менен конокторго майрамдык маанай тартуулоо үчүн жылда өткөрүп келебиз",- деди №6 балдар искусство мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Болотбек Тилебалдиев.