"Жеткиликтүү турак жай" социалдык долбоордун алкагында 135 үй-бүлө батирлүү болду. 9 кабаттуу турак-жайдын ачылышына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты.
Айтымында мамлекет калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында "Мамлекеттик ипотекалык компанияны" түзүп, азыркы кезде 4 жарым миң адам батирге ээ болду. Алгач ирет үйдү ипотекага берүүнүн жылдык үстөгү 14 пайызды түзгөн болсо, 2019-жылдын ноябрь айынан тарта 6 пайыз болуп төмөндөтүлдү.
Арзан турак-жайлар биринчи кезекте үйү жок мугалимдерге, дарыгерлерге жана социалдык тармактын кызматкерлерине берилди.