Оң рулдуу башкаруудагы унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыкты.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, парламенттин сайтына жарыяланды.