Жаңылыктар
Сүлүктү шаарындагы паркты оңдоп-түзөөгө каражат бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Сүлүктү шаарындагы паркты оңдоп-түзөөгө каражат бөлүндү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы паркты оңдоп-түзөөгө 1,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, каражат түрткү берүүчү гранттан бөлүнгөн. 

Ал эми шаардык мэриядан 447 миң сом каралган. Эс алуу багындагы тротуарлар, отургучтар жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүчү жайлар жаңыланган. Ошондой эле, теннис ойноочу аянттары дагы салынган. Аталган паркта балдар үчүн жасалган 4 атракцион бар, дагы 2 балдар атракциону орнотулууда.