2020-жылдын 1-январынан тарта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” өткөрүү пункту реконструкцияланат.
Ошондой эле 2019- жылы "Торугарт", „Иркештам“, „Карамык“, „Кызыл-Бел“, „Кайрагач“ жана „Кызыл-Кия“ өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу аяктады. Бул туурасында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында билдирди.
Натыйжада көзөмөл өткөрмө пункттарындагы видео байкоону Өкмөт өз иш бөлмөсүндө олтуруп көрүүгө мүмкүндүк тузүлдү.
Эксперттер бул өз учурунда коомчулук арасына талкууда жүргөн бажы тармагындагы коррупцияны кыскартарын айтышууда.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"