«Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн массалык маалымат каражаттары үчүн жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында. Ага жергиликтүү жана чет элдик 200гө жакын журналист катышып, коомдогу актуалдуу маселелер боюнча суроолорун беришти. Жыйын КТРК жана «Ала-Тоо 24» телеканалдарында түз эфирде берилип, ошондой эле бул каналдардын You Tube жана Facebook баракчалары аркылуу көрсөтүлду. Үч саатка созулган журналисттер менен болгон баарлашууда мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу да айтып берди.