Калкты сапаттуу тейлөө максатында Чүй облусунун Москва райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы “Бирдиктүү терезе” ыкмасында иштей баштады. Бул мекеме өз эсебинен имаратты толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, электрондук тейлөөнү киргизген. “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу, курулуш чөйрөсүнө уруксаат берүү жол-жоболорун жеңилдетүү максатында ачылды. Ушундай эле ыкма менен өлкө боюнча архитектура жана курулуш тармагында 13 мекеме иш алып барууда. Алдыда 42 мекемени электрондук түргө өткөрүү, аларды “Түндүк” электрондук борборлоштурулган тутумуна туташтыруу жумуштары күтүлүүдө.
"Мурун эл убара болчу кагаз көтөрүп алып. Эми бир жерден бардык иштерин бүтүрө алышат",- деди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев.