Жаңылыктар
Баш калаанын деталдуу планы бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баш калаанын деталдуу планы бекитилди

Баш калаанын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планынын долбоору бекитилди. Чечим Бишкек шаардык кеңешинин 28-сессиясында кабыл алынды. Жыйынга катышкан 35 эл өкүлү “макул” деген добуш берди. 

Долбоорду дээрлик 7 жылдан бери талкуулап, кабыл ала албай келишкен. Аны иштеп чыгууга шаар казынасынан 24 млн. сомдон ашуун каражат жумшалган. Андан тышкары күн тартибине Бишкек шаарынын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы, келерки жылга карата долбоору дагы коюлган.