Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү. Ал президент болуп шайлангандан тартып коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш жана сот-укуктук реформа багытында аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлгөнүнө өзгөчө токтолгон өлкө башчысы, учурда аймактарды каржылоо кескин түрдө жогорулатылганын билдирди. Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өткөн. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык Жалпыга маалымдоо каражаттарынан, ал эми 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттарынан. Жыйынды КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналы түз алып көрсөтүлдү.
"Натыйжада ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйгөн.Ошол себеп менен, акыркы эки жылда региондогу долбоорлорлорду каржылоонун көлөмүн кескин түрдө жогорулаттык. Мамлекеттик банктардын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды. Эки жылдын ичинде 38 млрд. сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер региондорго берилди",- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.