Жаңылыктар
“Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
“Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” ишке кирди

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 1- июлдан тартып Кыргызстанда “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” ишке кирген. Учурда 14 миңден ашык жаран жеке кабинетин ачтырды. Ага ылайык жаран пенсияга канча сом чегерип жатканы, келечекте канча сомго пенсияга чыга турганы туурасында маалыматка ээ болуп жатат. 

Мындан тышкары пенсияга чыгууда да документ ошол өздүк кабинет аркылуу толтурулат. Жеке электрондук кабинетти ачуу үчүн жаран өзү жашап турган аймактагы Социалдык фонддун кеңсесине келип, пин-код алышы керек.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"