Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Соттун өкүмүнө ылайык, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду. Экс-мэрлердин ишиндеги “Калыс-Ордо” эпизоду боюнча Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, подрядчы компаниялардын жетекчилери Кубат Шаршекеев менен Сейиткан Алиев болуп, мурдагы эки мэрден тышкары 11 адамга айып коюлган. Сот аларга дагы айып пул салып, сот залынан бошотту.
Эскерте кетсек, Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган болчу. Айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп бүтүп, сот өкүмүн чыгарды.