Бүгүнкү күндө Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу абалда. Жума ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Анда тараптар Чек ара кызматтарынын өз ара биргелешип аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө белгилүү болгондой чек ара аймактарында мыйзам бузуулардын алдын алуу профилактикалык жумуштарын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Белгилей кетсек, Советтер Союзу тарагандан бери Борбордук Азия мамлекеттери мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жумуштарын толук кандуу жүргүзүшкөн эмес. Мунун айынан мезгил-мезгили менен чек ара чатактары болуп келет. Союз убагында аймактагы айрым жерлер колдон-колго өтүп келген учурлар да болгон. Натыйжада анклав жана эсклав статусун алышкан калктуу пункттар пайда болгон.
Чек арада кызмат өтөө татаал жана жооптуу милдет. Аймактык бүтүндүк менен улуттук кызыкчылыктарды алдыга коюу саясатында мамлекеттин мүмкүнчүлүгү ушундай шартта аныкталып келет. Чектешкен мамлекеттер менен ишкер кызматташтыктарда жана достук мамилелерди бекемдөөдө мамлекет ачык саясат жүргүзүүсү зарыл. Бирок, ошол эле мезгилде мамлекеттин көз карандысыздыгын аныктаган мамлекеттик чек арасы көздүн карегиндей сакталуу менен ишенимдүү корголушу абзел.