Түп районунун Ой-Булак айылына таза суу түтүктөрү тартылып, скважина курулууда. Бул тууралуу Ой-Булак айылынын башчысы Кубан Алишеров билдирди.
Анын айтымында, элетте 350 түтүн жашаса, бул учурга чейин айыл элинин жарымы тоодон агып келген сууну эски суу түтүк аркылуу пайдаланып келген. Натыйжада жаз-күз мезгилинде ичүүчү сууга ылай кошулуп, чыла даамданчу. Андыктан кайрадан суу түтүктү жаңылоо муктаждыгы чыккан. Бирок 4 жылдан бери ишке ашпай келе жаткан долбоор былтыр гана колго алынган.
«Биздин айылда 1000ден ашуун жашоочу бар. Акыркы жылдары жаңы конушка үйлөр салынып, ал жакка да таза суу жеткен эмес. Мындан улам 1960-жылдары курулган эски суу түтүктү алып, элди ичүүчү суу менен камсыздоо зарылчылыгы колго алынды. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 27 млн 457 миң сом акча каралып, тендерди уткан компания скважина казып жана 9472 метр суу түтүктү алмаштыруу иштерин аткарууда. Бүгүнкү күндө курулманын 15% аяктады», - деди ал.