Жаңылыктар
Санариптештирүүнүн алкагында калкты тейлөө жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүүнүн алкагында калкты тейлөө жеңилдеди

Мамлекеттик каттоо кызматы ишти жеӊилдетүү максатында 4 жылдан бери калкты тейлөө борборлорун ишке киргизүүдө. Учурда өлкө боюнча чоӊ борборлордун саны 18ден ашып, мобилдик кызмат көрсөтүү жагы да колго алынган. Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында Ак-Суу жана Каракол шаарынын тургундары үй шартында паспорт алууда. 

Каракол шаарынын тургуну  Канат Дүйшөнбеков билдиргендей учурда паспорт алуу жолдору бир кыйла жеӊилдеди. Себеби бул учурга чейин үйүнөн чыга албагандар, жарандыгы боюнча документтерин алмаштыра албай убара тартып келишкен. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында мамлекеттик каттоо кызматы  калкты  үй шартында тейлей баштады. 

Бул сыяктуу эле жарандардын убактысын үнөмдөп, иш кагаздарды тейлөө аракети Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борбору ишке киргенден тарта жеӊилдеди. Атап айтканда мамлекет тарабынан мобилдик унаалар камсыздалып, техника жеринен кызмат көрсөтүүдө. Ѳзгөчө согуштун ардагерлери менен, 1 топтогу майып адамдарга бекер кызмат көрсөтүлүп жаткандыгын  Тейлөө борборунун улук оператору Азамат Жапаров билдирди.

Учурда арыз менен кайрылгандардын көбү Ак-Суу району менен Каракол шаарын түзөт. Мындан сырткары, коллективдик кызматкерлерге жана Ак-Суу районундагы психоневрологиялык жактан жабыркаган аялдарга да бекер көмөк көрсөтулгөнүн Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборунун жетекчиси Айбек Тилекманов белгиледи.

Айта кетсек, жарандарга үй шартында паспорт берүү мобилдик тейлөө аракети 2018-жылдын июнь айынан тарта иштеп жатат. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында паспорт алууда убакыт үнөмдөлгөнүн кызматкерлер кошумчалашат.