2021-2022 жана 2023-жылдары Чемпиондор Лигасынын финалдык беттештери боло турган жерлер аныкталды. УЕФАнын аткаруу комитетинин чечими менен быйылкы жылдын биринчи оюну Санкт-Петербург шаарынын "Газпром Арена" деп аталган стадионунда өтөт. Буга чейинки чечүүчү оюндарды Орусия 2008-жылы Москва шаарында «Лужники» стадионунда кабыл алган.
Анда «Манчестер Юнайтед» клубу жеңишке жетишкен. 2021-2022-жылдардагы оюндар Мюнхен шаарындагы "Альянц-Арена” стадионунда болот. Мындан жети жыл мурда Бавария өз жеринде Лондондун “Челси” клубу менен беттешип, Англиялыктар жеңишке жетишкен.
Ал эми 2023-жылдын финалдык беттешин Лондондун “Уэмбли” стадиону сегизинчи жолу кабыл алмакчы. Ага жанаша легендарлуу стадион өзүнүн 100 жылдык мааракесин өткөрөт. УЕФАнын аткаруу комитети аялдардын укугун коргоого чакырып, кээ бир өлкөлөрдө аялдар стадионго барып футбол көргөнгө тыюу салынган мамлекеттерге оюн өткөрбөөгө чакырды.