Жаңылыктар
Айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча өкмөттүн демилгеси коомдук талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча өкмөттүн демилгеси коомдук талкууда

Жол эрежесин бузган учурда төлөнүүчү айыптын көлөмүн азайтуу боюнча өкмөттүн демилгеси коомдук талкууда. Бирок бул - бардык айып пулдар азаят дегендик эмес. Опурталдуу, авариялык жана адам өлүмүнө алып келе турган кырдаал жаратуучу мыйзамсыздык катталса, айдоочу төлөй турган акчанын көлөмү төмөндөбөйт. 



Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көбөйүшү коомдо ар кандай пикирлерди жаратпай койгон жок. Бири туура десе, башкасы өтө көп коюлуп калган деди. Буга байланыштуу Премьер-министрдин буйругу менен мекемелер аралык жумуш топ түзүлгөн. Тажрыйба көрсөткөндөй, жол эрежесинин айрым түрлөрү боюнча чындыгында, айып пулдун көлөмү көп болуп калган. Муну эске алган өкмөт, эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болуп, документти коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык:

Муну менен катар унаага жасалма же ал машинага таандык эмес номур менен жүрүү фактылары дагы катталууда. Албетте мындай учурда жолдон жосунсуз жорук жасаган адам айып пул төлөбөй калат. Анткени ал номер базада жок. Ошондуктан, унаага таандык эмес номур менен жүргөндөр буга чейин бузуу кодекси боюнча каралса, эми аны жоруктар кодексине которуу жагы каралууда. Бул дагы коомдук талкууга чыкты.

Жылдын башынан бери унаага таандык эмес номур менен жүргөндөрдөн 45 учур катталды. Бул ишке кирген “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде ачыкка чыгууда. Дегеле, долбоор ишке киргени бир топ айдоочулар сестенип калды. МИСАЛЫ: Бишкек шаары менен Чүй облусундагы жол эрежесин бузгандардын саны азайганын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө өткөн коррупцияга каршы жыйында билдирген.