Жаңылыктар
Салык кызматы 3 айда 106 миң маалымкатты онлайн түрүндө берди
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы 3 айда 106 миң маалымкатты онлайн түрүндө берди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты берүү боюнча сервис ишке киргенден тартып, Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына электрондук түрдө 106 миң 91 маалымкат берген.

Алардын ичинен 91 миң 379 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын жоктугу жөнүндө жана 14 миң 713 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу маалыматы бар онлайн маалымкаттар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-июнунан баштап Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына берүү боюнча сервис иштөөдө.

Жаңы сервис ишке киргизилгенден тартып мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларынын салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалымкаты кагаз түрүндө алуу үчүн салык органына баруу зарылдыгы жоголду, себеби конкурстун катышуучулары салык карызы жөнүндө маалыматты онлайн режимде Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу алышат. Эң башкысы, салык органынын кызматкери менен түздөн-түз байланышта болбойт, бул коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарттарды азайтат.

Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманы толтурууда Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан "Квалификациялык талаптар" менюсуна кирип, "Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасында салыктарды төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарышы керек" деген пунктун тандап алышы керек. “МСКга суроо-талап кылуу” кнопкасын басканда ачылган терезеден система салык карызынын абалы тууралуу МСКнын маалыматтар базасынан автоматтык түрдө маалымат берет.

Белгилей кетсек, салык кызматы жакынкы арада камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары тууралуу маалыматты алуу боюнча ушундай эле кызматты электрондук түрдө ишке киргизет.