Өкмөт менен Экономика министрлиги ишкерлерди сыйлады. Бишкекте өткөн аземге бизнес чөйрөсүнүн жер-жерлердеги өкүлдөрү катышып, алардын аймактарды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы белгиленди. Бир катар ишкерлерге ардак грамота, ыраазычылык кат тапшырылды. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак Кыргызстанда жалпысынан 12 миңден ашуун жеке ишкана катталган. Аларда 500 миңдей адам эмгектенүүдө.“Салык төгүп жаткан, жумушчу орундарын түзгөнү эске алынып бүгүн сыйлык тапшырып жатабыз. Ишкерлерге шарт түзгөнгө аракеттер жүрүүдө. Эми ишкерлер салыкты аралыктан эле онлайн режиминде төлөшсө болот”,- деди Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев.