Республика боюнча транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 11 миң 670 унаа токтотулуп, анда 1 миң 36 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды.
Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу салыктарын төлөшсө, 3 миң 355 жаранга салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 3-сентябрдан тартып ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле шаардык кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.
Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир өткөн күнгө туумду кошуп төлөйт.
Салык кызматы транспорт салыгын төлөөнү үлгүрбөй калган айдоочуларды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр да болсо төлөөгө чакырат.