Эмгек мигранттарынын көпчүлүгүнүн балдары өз эне тилин унутуп, кайсы өлкөдө жашап жатса ошол элдин тилинде сүйлөп калган учурлар аз эмес. Жакында эле Москва шаарында кыргыз маданиятын жана тилин окутуп үйрөтүү боюнча борбор өз ишин баштады. Уюштуруучулар белгилегендей, анда кыргыз эл жомоктору, улуттук оюндар аркылуу балдардын Мекенге болгон сүйүүсүн ойготуп, каада-салт, үрп-адаттардын баалуулуктарын таанып билүүгө багыт берилет.
Кундуз Токтосунова жолдошу менен Москвага иштейбиз деп 2005-жылы келген. Бул жерден Муниса аттуу кыздуу, Даян аттуу уулдуу болушкан. Алардын максат тилектеринин бири эле – балдары кыргыз тилин унутпай, өз улутунун уюткусун, үрп-адат, сал-санаасын билип, унутпаса.
Бул жактан биз бир нерсени байкадык. Эмгек мигранттарынын көпчүлүгүнүн балдарынан Мекениң кайсы өлкө деген суроого, жооп бере албай кыйналат экен. Кээ бири Мекеним – Россия деп билсе, дагы бири Россия менен Кыргызстан экөө тең жакын десе, көпчүлүгү Кыргызстан – ата энеси менен туугандары туулуп өсүп жашаган жер, жайкы эс алууда барып келе турган жердей кабылдайт.
Эсен Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Москвага ата энеси менен жаңы келгенде орусча бир сөз билбеген Эсен, азыр бул тилде оюн жакшы түшүндүрөрүн айтат.
Ата энелери орусча жакшы билбеген, бирок балдары кыргыз тилин билбей калган учурлар да жок эмес. Бала бакча менен мектепте, жашап жаткан жеринин тилин үйрөнүп, ошол тилде тарыхын окуган балдар, ата энесине караганда мугалимдери менен көбүрөк убактысын өткөрөт.
Үзүлүп калган байланышты улап, Мекенге болгон сүйүүнү ойготуу. Мына ушундай максатта Москва шаарында кыргыз маданияты менен тилин үйрөтүү боюнча борбор иштей баштады. Бул жерде кыргыз эл жомоктору, салт-санаа, үрп-адат, улуттук ыр бий менен балдардын, жакындан таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
«Баланын жетилүүсүндө улуттук маданият, өз ата энесиндей эле, анын аруу дүйнөсүнүн бир бурчун ээлеши керек. Бул анын инсан болуп калыптанышындагы негизги рухий башат”, - дейт актриса Жаңыл Асанбекова.