Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Мамлекеттик тилди баардык тармакта кеңири пайдалануу зарыл"
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков: "Мамлекеттик тилди баардык тармакта кеңири пайдалануу зарыл"

Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата өлкөдө ири иш-чаралардын планы бекитилип, мамлекеттик тилдин мааниси жана келечегине арналган иш-чаралар менен конференциялар өттү. Жыл жыйынтыктоого чейин дагы бир топ жыйындар, сынактар уюштурулат. 


Президент мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганынын мааракелик жылына байланыштуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасын кабыл алып, мамлекеттик тилди өз ара пикир алмашуунун тили гана эмес, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын белгиледи. 


Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгын белгилөө үчүн өкмөттө атайын комиссия түзүлгөн. Ал 22 беренеден турат.

Мамлекеттик тилдин мааракелик жылында аткарылып жаткан иш-чаралар, алардын мазмуну жана келечекте жасалчу жумуштарды 16-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алган учурда талкууланды. 

Мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын Президент эске салып, илим, билим, маданият жана экономика тармагында мамлекеттик тилди терең киргизүү - негизги милдетибиз экендигин айтты.

Тилчи Замира Дербишева мамлекттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуучулардын бири. Ал кыргыз тили 2 миң жылдыкты карыткан байыркы тил болгонуна карабай анын жазма салты 20-кылымда гана башталганын белгилеп, соңку 30 жылда тилди өнүктүрүүдө, зор иштер жасалганын, натыйжасында мамлекеттик тил бала бакча, мектептерде окутулуп, саясаттын тилине айланганын, аздан болсо да бизнесте, медицинада колдонулуп жатканын айтып, эми кезек жогорку окуу жайларында - дейт.