Жаңылыктар
Өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштөөдө

Эки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайынан башка өткөрүү пункттары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрүү жайы жайгашкан. «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт жана Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.