Ош - Баткен - Исфана жолу каттам үчүн толугу менен ачык экенин мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Аны менен катар Көк-Таш - Ак-Сай жолун асфальтоо жана Дача чөлкөмүнө өткөрмө пунктун куруу иши өз нугунда жүрүүдө.
Ал эми тажик тарап такталбаган аймактагы курулуш аракеттерин улантып жатканы боюнча бардык тийиштүү кызматтар керектүү иш аракеттерди кечиктирилбестен колго алып жатканы маалымдалды.
Бул жер Жака-Өрүк участкасы. Аймак кыргыз-тажик чек арасынын чектешкен жериндеги такталбаган тилке. Дал ушул жерде тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Курулушту токтотуу боюнча жергиликтүү бийлик коңшу тарапка кат жазганы менен азырынча жооп боло элек.