Жаңылыктар
Жайлоодон келе жатып жоголгон 9 чабан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жайлоодон келе жатып жоголгон 9 чабан табылды

Быйыл тоолуу аймактарга кыш эрте түштү. Өткөн жумада жааган кар мал-жандыкты жүдөттү. Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын малчылары жакага түшө албай калган.

Малды айылга айдаганы кеткен чабандар жоголуп кетип, беш күн бою издөөдө жүрүшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чабандарды бийик тоодон түшүрүү үчүн райондук өкүлчүлүктөрдүн ыкчам топторун, жайыт комитети, ички иштер министрлигинин кызматкерлерин, дарыгерлер жана ветеренарларды тарткан. 

Чабандардын туугандары өзгөчө кырдаалдар министрлигин кеч чара көрдү деп айыпташууда. Ал эми тиешелүү тарап маалымат түшөөр замат куткаруу иштери башталганын билдирет. Анын үстүнө, катаал аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүү берилген. 

Эскерте кетсек, 9-сентябрда тоолу аймактарга калың кар түшкөн. Буга байланыштуу Чүй, Нарын, Жалал-Абад облустарынын жайлоолорунда чабандар малды айылга түшүрүүгө жетишпей калган. Келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү тууралуу маалымат айтыла элек.