Кыргызстан менен Түркмөнстан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты жандантат. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн отурумунда бул багытта макулдашууга кол коюлду. Комиссиянын жыйыны төртүнчү ирет уюштурулду.
Түркмөнстандын экономикасынын өзөгүн газ тармагы түзөт. Ошондой эле айнек менен жибек өндүрүү да жолго коюлган. Өкмөт бул өлкө менен соода алаканы жандантуунун жолдорун аныктоодо. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын төртүнчү отуруму Бишкекте өтүп, кызматташууга багытталган бир катар маселелер талкууланды.
Кыргыз тарап өнөктөш болууну каалаган түркмөн ишкерлерине экспорт кылууга ылайык келген продукциялардын тизмесин берди. Алар тигүү тармагынан өндүрүлгөн товарлар, төө буурчак, жаңгак, айнек, электр энергиясын акылдуу эсептегичтер, кайра иштетилген таш жана башка. Мындан сырткары саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында да алаканы арттыруу максат кылынып жатат.