Кыргызстанга 2019-жылдын алты айында чет мамлекеттерден 393 миллион доллар түз инвестиция келип, былтыркы жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 59 пайызга өстү.
Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинен билдиришти. Келген каражаттардын басымдуу бөлүгү аймактарга бурулуп, чет элдик ишкерлер тоо-кен, маалымат жана байланыш тармактарына, дүң жана чекене соода, камсыздандыруу жаатында иш алып барып жатат.