Ата-бабалардан калган мурастын бири да - эне тил. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Өлкөдө эне тилди өнүктүрүү боюнча бир катар программалар кабыл алынган жана жакшы натыйжалар бар. Мыйзам чыгарууда мамлекеттик тилдин орду да өзгөчө. Мыйзам долбоорлорунун көбү мамлекеттик тилде жазылат.
Ал эми кыргыз тилинде 3 миллиондон ашык адам сүйлөп турганда жоголуп кетет деген коркунуч жок,-дешет адистер. Ал гана эмес кыргыз тилинде түш жоруган башка улуттун өкүлдөрү арбын. Бул да болсо көп улуттуу өлкөбүздүн жетишкендиги болсо керек.